Сот Дональд Трамптын АКШнын тышкы программаларын 90 күнгө тоңдурууну караган Жарлыгын жокко чыгарылышы керек, деп билдирди. Бул USAID каржылоосун токтотууга байланыштуу биринчи чечим, деп билдирет Associated Press.
Федералдык судья Амир Али өзүнүн чечиминде чет өлкөлөрдөгү «күтүлбөгөн жерден жабылган уюмдарга чоң зыян келтирди» деп эки эл аралык уюм — СПИДге каршы вакцинаны коргоо коалициясы жана глобалдык саламаттыкты сактоо Кеңеши тарабынан түшкөн арызын карап чечим чыгарды.
Буга чейин, АКШнын Колумбия округундагы Федералдык райондук сотунун судьясы 7-февралда 2700гө жакын USAIDдин кызматкерлерин жумуштан алып президентинин Администрациясынын административдик өргүүгө чыгаруу пландарын токтотту. Мындан тышкары, буга чейин өргүүгө чыккан 500 кызматкер жумуш ордунда кайтып келтирилиши керек.