• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Велосипед тээп бара жаткан өспүрүмдү автоунаа сүзүп, бала жандандыруу бөлүмүндө жатат

17 Теке 2018 9:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.07.2018.Govori.TV
Ак-Талаада велосипед тээп бара жаткан өспүрүмдү автоунаа сүзүп кетти. Анын баш мээси катуу чайкалып, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы маалым болду. Бул туурасында Нарын ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.
Окуя кечээ, 15-июлда саат 16:30 чамасында Нарын-Баетов унаа жолунда болгон. Кырсык  «Хонда Степвэгон» автоунаасынын катышуусунда болгон. Ал Ак-Талаа—Баетов унаа жолунун 86-чакырымындагы жаңы курулуп жаткан шагыл жолдо велосипед тээп бара жаткан 17 жаштагы баланы сүзп кеткен
Жабырлануучу 2001-жылы төрөлгөн С.Б. экени такталды.Кырсыктын кесепетинен баланын баш мээси катуу чайкалып, жабык баш мээсинен жаракат алган. Учурда ооруканада дарыланып жатат.
Количество просмотров: 3