Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Венгриянын тышкы иштер жана соода министри П.Сийярто 15-июлда жолугушту. Министрликтин маалыматы боюнча, П.Сийярто коронавирус менен күрөшүүдө Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүүнүн алкагында Бишкекке жумушчу сапары менен келди. Ошондой эле ал Австрияда жашаган Кыргызстандын жарандарынын жардамын ала келген.
Министрлердин жолугушуусу учурунда гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн Венгриянын өкмөтүнө ыраазычылык айтылды. Буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери, ошондой эле 2020-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун Венгрияга сапарын уюштуруу жолу менен кыргыз-венгер кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү маселелери талкууланды.
Жолугушуу учурунда жакында Венгриянын Кыргызстандагы элчиси дайындала турганы да айтылды. Сапардын жыйынтыгында эки өлкөнүн Дипломатиялык академияларынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.