Бишкек.28.05.2019.Govori.TV.
Вьетнамда чочко тумоосунун себебинен февраль айынан бери 1 миллион 700 миң чочко жок кылынды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, Айыл чарба министри Нгуен Шуан Куонг Африкада катталган чочко тумоосу эпидемиясынын жаныбарлар үчүн өтө коркунучтуу экенин баса белгилеп, акыркы эки жумада 500 миң чочконун жок кылынгандыгын кошумчалады.
Белгилей кетсек, чочко тумоосу эпидемиясы үчүн Вьетнамдын «улуттук чукул абал» жарыя кылышы керектиги баса белгиленген.