• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кой-Таш айылына барды

8 Баш оона 201910:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.08.2019. Govori.TV

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жараат алгандардан кабар алышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Өкмөт өкүлдөрү тийиштүү медициналык дары-дармек менен камсыздоону тапшырышты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин соңку маалыматына караганда, Кой-Таштагы атайын операция учурунда 48 адам ооруканага кайрылган, алардын тогузу амбулатордук дарыланууда, бирөө каза болуп калды. Каза болгон адам күч органынын кызматкери экени белгилүү.

Учурда ооруканаларда жаткандардын саны 38 адам.

Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековдун айтымында, жабыркагандардын көбү желим октон жараат алган. Эки кишиге аскердик ок тийген. Алардын бирөө кечээ каза болгон аскер кызматкери. 

Количество просмотров: 15