Бишкек.23.07.2019.Govori.TV.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев чек арадагы чыр-чатактан жаракат алгандардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы кабарлады.
Жаракат алгандардын катарында кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда ок тийген, таш тийген милиция кызматкерлери да бар.Учурда алар Баткен ооруканасынын сыныктар бөлүмүндө жана хирургия бөлүмүндө жатышат.