• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Солтон-Сарыга барды

25 Теке 201917:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.07.2019.Govori.TV.

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Солтон-Сары жайлоосундагы кенге барып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жумуш сапары менен Нарын облусунун Солтон-Сары жайлоосундагы кенге барып, андагы жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Кубатбек Боронов кендеги объекттерди жана карьерлерди көрүп чыкты. Бул тилкеде кен иштетүүгө уруксат алган Jhong ji Mining кытай компаниясынын өкүлдөрү жасалып жаткан кен иштери тууралуу айтып беришти. Биринчи вице-премьер-министр жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууда Солтон-Сарыда мал кырылгандыгына байланыштуу атайын комиссия бир катар лаборториялык экспертизаларды жүргүзгөнүн айтты.

«Биз керектүү маалыматтарды берип, силердин суроолоруңарга жооп бергени келдик», — деди Кубатбек Боронов. «Компаниянын ишинде бир катар бузуулар бар, алар боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар иш алып барышууда, бардыгын оңдоо талабы менен эскертүүлөрдү берип жатышат. Алар баарын оңдошот. Эң башкысы компаниянын ишмердүүлүгү адамдарга жана экологияга зыян келтирбеши керек. Компания ишин өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жүргүзөт. Муну биз көзөмөлгө алабыз», — деди биринчи вице-премьер-министр.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кубатбек Боронов ​ Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө, райондун акимине жарандар айткан маселелер боюнча бир катар тапшырмаларды берип, аларды ыкчам чечүүнү талап кылды. Вице-премьер-министр мындан тышкары тийиштүү ведомстволордун текшерүүлөрүнүн жүрүшүндө аныкталган кемчилдиктерди четтетүүгө мониторинг жүргүзүү боюнча жарандык топ түзүүнү тапшырды. Анын курамына тиешелүү ченемдерди кармануу үчүн Миң-Булак, Эмгекчил айыл аймактарынын 2 жашоочусу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрү кирмекчи.

Количество просмотров: 15