Бишкекти каптаган кара түтүндөн улам шаар көрүнбөй калган. Бул тууралуу видео социалдык тармакка тарап, ал бүгүн шаардын чекесинен тагыраагы панорамада тартылганы айтылды.
Буга чейин 29-ноябрда экологдор абанын булгануусу нормадан алтыдан он эки эсеге чейин жогору болуп жатканын билдиришкен. Алар белгилегендей, абанын мындай концентрациясы адамдын дем алуу органдарына абдан зыян. Ошондуктан алар шаар тургундарын медициналык бет кап кийип жүрүүгө чакырышкан болчу.