• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Абдил Сегизбаев ооруканадан УКМКнын абагына которулду

8 Кулжа 2021 15:58 Бишкек Govori.TV

Абдил Сегизбаев ооруканадан УКМКнын абагына которулду. Бул тууралуу жактоочу Кантемир Турдалиев.

«Саламаттыкты сактоо министрлигинин ооруканадан кийин дагы беш күндөй реабилитациядан өтүп, коронавирус менен ооруп бүткөн адамдар изоляцияга алынышы керек деген сунуштары бар. Ошондой эле желдетүүгө мүмкүн болгон өзүнчө бөлмө болуш керек экенин эскертет. Бирок мындай шарттар убактылуу кармоочу жайда жок. Ал азыркыга чейин алсыз болууда.», — деди Туралиев.

Сегизбаев 24-майда ооруканага жеткирилген. Андан эки тараптуу пневмония аныкталган.

Количество просмотров: 116