Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин бөгөт чарасын эч жакка кетпөө тилкаты менен өзгөрттү. Маалыматты Govori.TVга райондук соттун басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка караганда, Сегизбаев күнөөлүү деп табылып, 4 миллион сом айыпка жыгылган. Соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин сыртка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулган.
Эске салсак, Сегизбаев УКМКны 2016-2018-жылдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда жетектеген. Ал «Белизгейт» окуясы боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) негизинде кармалган.