• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Вице-мэр: Санитардык эрежелерди сактабагандарга 8 млн сомго протокол түзүлдү

17 Бештин айы 202012:11 Бишкек Govori.TV

Бишкекте санитардык эрежелердин сакталбашы боюнча жалпы 8 млн сомго протокол түзүлгөн. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева бүгүн, 17-декабрда брифинг учурунда билдирди.

«Жалпы 8 млн 42 миң сом суммасында 2 миң 895 бузуулар жөнүндө протокол түзүлгөн. Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын алдындагы коомдук транспортту текшерүү боюнча мобилдүү топтор иштеп жатышат. Алар тарабынан жалпы 829 миң сом суммасында 867 бузуулар жөнүндө протокол түзүлгөн», — деди Чыныбаева.

Количество просмотров: 70