Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова кызматтан кетти. Маалыматты мэриядан тастыкташты.
Т.Кузнецова 2019-жылдын февраль айында вице-мэр болуп дайындалган.
1990-жылдары мектептерде тарых сабагынан сабак берген, 2000-жылдары Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгында, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында иштеген.
Ал эми Бишкек шаарынын вице-мэри болуп Виктория Мозгачева дайындалды.