• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Вице премьер министр: Смог маселеси бир күндө чечилбейт

20 Бештин айы 201910:51 Бишкек Govori.TV

Смог маселеси бир күндө чечилбейт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

«Баардык комплекстүү иш чаралардын өзүнүн мөөнөтү бар. Анын ичинде смог маселесине байланыштуу эки жылга бекитилген иш-чара планы бар. Ошондой эле ар бир тармак өз жумушун так аткарып көзөмөл жүргүзсө, бул маселени 2-3 жыл аралыгында чечүүгө болот»,-деди Өмүрбекова.

Мындан сырткары, вице-премьер-министр абанын булганышы адамдардын саламаттыгы үчүн абдан чоң экологиялык коркунуч экенин айтып, аталган маселенин үстүнөн иштеп жатышканын кошумчалады.

Количество просмотров: 77