• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Владимир Зеленский 42 жашка толду

25 Үчтүн айы 2020 18:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-январда Украинанын президенти Владимир Зеленский 42 жашка толду.

Владимир Зеленский Кривой Рог шаарында 1978-жылы жарык дүйнөгө келген. Кривой Рог шаарындагы №95-гимназия мектебинен англис тилинен тереңдетилген билим алган.

Зеленский мектепте окуп жүргөндө эле КВНде ойногон. 1997-жылы «95-й квартал» командасын түзүп, Москвага келип КВНдин жогорку лигасында ойной баштаган. КВНдин арты менен мурдагы СССР мамлекеттерине гастролго чыккан.

Үй-бүлөлүк абалы:

Үй-бүлөлүү. Бир кыз, бир уулдун атасы.

Атасы Александр Зеленский техника илимдеринин доктору, профессор, информатика кафедрасынын башчысы. Апасы Римма Зеленская үй кожойкеси.

Зеленский 2019-жылы 1-январда президенттик шайлоодо ат салыша турганын расмий жарыялаган. Ал өзүнүн саясий программасында президенттин, депутаттардын жана соттордун кол тийбестигин алуу керектигин жазып, бул боюнча мыйзам долбоорлорун сунуштай турганын айтууда. Андан сырткары, президентке импичмент жарыялоо жана депутаттарды чакыртып алуу жолун иштеп чыгам деп сөз берген. 2019-жылдын 20-майынан тарта Украинанын президенти. 

Количество просмотров: 194