Бишкек.17.08.2019.Govori.TV.
Социалдык тармакта тараган «Врач отпускага чыккандыгына байланыштуу 01.08.2019-ж. баштап 05.09.2019-ж. чейин убактылуу оорукана жабылды», — деп жазылган кулактандыруу көпчүлүктүн талкуусуна алынды.
Колдонуучулар сынга алган оорукана Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылында жайгашкан. Соцтармакка чыккан кабарда медициналык жайдын жана кулактандыруунун сүрөтү да жарыяланган.
Ал эми окуя боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору Муратбек Алияскаров дарыгердин эс алууга кеткенин тастыктап, бирок ооруканада медайым иштеп жатканын айтты.