• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Якутия: Жергиликтүү жарандар тарабынан кыргыздар коркутууларга дуушар болушууда

19 Жалган куран 2019 10:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.03.2019.Govori.TV.

Миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотов Якутияда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушат.

Маалыматка ылайык, Самат Токтоболотов 19-мартта Якутиянын күч кызмат жетекчилери менен да жолугушат. Мындан тышкары кыргызстандык мигранттар менен болгон жагымсыз окуя тууралуу талкууламакчы.

Мамлекеттик миграция комитетинин төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов Якутияга 18-мартта учуп кеткен.

Якутиянын Тергөө комитетинин маалыматына караганда, жекшембинин таңында белгисиз үч адам бир аялды зордоп машинеге салган. Тергөөнүн версиясы боюнча 23 жаштагы шектүү «машинени гараж тарапка айдап барып, аялды зордуктаган». Мекеме «Зордуктоо» жана «Адам уурдоо» беренелери менен кылмыш ишин козгоду.

Тергөө комитети шектүүлөрдүн бири кармалып, күнөөсүн мойнуна алганын ырастады. Ал кыргызстандык жаран болуп чыккан.

Бул окуядан соң Якутск шаарынын тургундары нааразылык акциясына чыгышкан. 17-марттын кечинде 200дөй адам борбордук аянтка чогулду.

https://www.facebook.com/mtv.kg/videos/pcb.654782428285893/654778534952949/?type=3&theater
видео фейсбук

Якутиянын башчысы Айсен Николаев шаардыктарды тынчтыкка жана сабырдуулукка чакырып, «мыйзамсыз миграция менен күрөштү күчөтүүгө» убада берди.

Болуп өткөн бул жагымсыз окуядан соң жергиликтүү жарандар тарабынан ал жерде имштеп жаткан кыргыз жарандарына карата коркутуулар түшүп, иштеген жерлериңерди жапкыла деген сөздөр айтылууда. Бул тууралуу интернетте видеолор тараган.

https://www.facebook.com/bespredelKG/videos/295759341102479/
https://www.youtube.com/watch?v=23dTJYFvrVA&fbclid=IwAR11EOq4EZORxFZaXvFx5i64IP5vccSrwoq_thkEoQKX1QVkRI5_gNtP5lc
Количество просмотров: 10