Бишкек.27.06.2019.Govori.TV.
Россия Федерациясынын тергөө органдары тарабынан териштирилген Кыргызстандын жарандары Якутсктун жашоочусун уурдап кетип жана зордуктаганы тууралуу материалдар сотко жиберилди. Бул окуядан соң шаарда элдик толкундоолор жана митинг болгон.
Маалыматка ылайык, кармалган үч жаран бир катар кылмыш иштерине байланыштуу катыштыгы ачылган. Аларга карата адам уурдоо, зордуктоо жана бейбаштык күнөөлөрү коюлду.
Ал эми алардын бирине фиктивдүү түрдө кароосуз калган үйгө катоого турганы жөнүндө да айып тагылууда.
Эске салсак, Якутияда кыргызстандык жаран зордуктоого шектүү катары кармалган. Ушундан улам 18-мартта Якутск шаарынын тургундары мыйзамсыз мигранттарга каршы нааразылык акциясына чыгышкан. Жана ал жакта эмгектенип жаткан кыргыз миграттарына карата жергиликтүү тургундар тарабынан күч колдонуу, жумуш орундарын талкалоо фактылары катталган.
19-мартта Кыргызстандын Миграция кызматы жана Орусиядагы элчиликтин өкүлдөрүнөн турган делегация Якутияга барып, республиканын бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзгөн.