• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Якутияда мигранттар иштеген дүкөндү талкалаган жарандар кармалды

28 Жалган куран 201918:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.03.2019.Govori.TV.

Якутск шаарында Кыргызстандан барган эмгек мигранттары иштеген ишкерлердин объектилерин талкалаган жарандар кармалды. Бул тууралуу Саха республикасынын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы берген маалыматка таянуу менен Sakhalife.ru булагы кабарлады.

https://youtu.be/-dn26zDZq3A
Видео sakhatime.ru

Маалыматка ылайык шектүүлөр полиция бөлүмүнө жеткирилген.

Буга чейин дүкөндө мыйзамга туура келбеген аракеттерди жасап жаткан кездеги жарандардын видеосу тараган.

https://www.facebook.com/100020894959886/videos/322794168427079/

Эске салсак, Якутияда 17-мартта зомбулук ишине шектелип 23 жаштагы кыргызстандык жигит кармалган.

Ушул эле күнү Якутскинин Комсомольская аянтында мигранттарга каршы митинг өткөн. Кийинки күнү мигранттарга каршы көп адамдар катышкан митинг «Триумф» спорт комплексинде болгон.

Ушул эле күнү жергиликтүү тургундар жемиш-саткан кисокилерди талкалашкан. Мигранттарды уруп-сабашкан.

Количество просмотров: 23