Бишкек.19.03.2019.Govori.TV.
Якутиядагы кыргыз диаспорасынын төрагасы Жазбек Бекболиев болуп өткөн окуяга байланыштуу кыргызстандыктардын атынан кечирим сурады.
Эске салсак, Саза (Якутияда) кыргыз жараны зордуктоого шектелип кармалган. Ал маалымат пайда болушу менен шаардын борбордук аянтына 200дөй жергиликтүү тургундар чогулуп, кыргыздарды өлкөдөн чыгаруу талабын айтып, өч алуу чакырыктарын жасашты.
Якутиянын башчысы Айсен Николаев шаардыктарды тынчтыкка жана сабырдуулукка чакырып, “мыйзамсыз миграция менен күрөштү күчөтүүгө” убада берди.
Миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотов 19-мартта Якутиянын күч кызмат жетекчилери менен жолугушат. Мындан тышкары кыргызстандык мигранттар менен болгон жагымсыз окуя тууралуу талкуу болоору айтылды.