• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Якутск шаарынын мэри кыргыз мигранттарына карата билдирүү жасады

20 Жалган куран 2019 16:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 20.03.2019.Govori.TV.

Якутск шаарынын башчысы Сардана Авксентьева Якутияда болуп жаткан окуя боюнча маалымат берип, кылмыштуулуктун улуту жок экенин айтып өттү.

«Кылмыштуулуктун улуту жок жана жаман, жакшы адамдар ар бир элде бар. Кыргыз элинин да сыймыктанчу атуулдары көп. Мындай сырткары Якутия менен Кыргызстанды тарых бириктирип турат. Албетте болуп өткөн жагымсыз окуя илгертен келе жаткан карым-катнашты бузбоосу керек. Расмий түрдө келип биздин аймакта эмгектенип, элибиздин үрп-адаттарын, тартибин сактаган мигранттар иштей берет. Ал эми мигранттарга кол салуулар тууралуу фактылар болсо бул иштер көзөмөлгө алынат»,-деди ал.

https://www.facebook.com/100007831442122/videos/2264052530532440/

Эске салсак, Якутияда кыргызстандык жаран зордуктоого шектүү катары кармалган. Ушундан улам 18-мартта Якутск шаарынын тургундары мыйзамсыз мигранттарга каршы нааразылык акциясына чыгышкан.

19-мартта Кыргызстандын Миграция кызматы жана Орусиядагы элчиликтин өкүлдөрүнөн турган делегация Якутияга барып, республиканын бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзгөн.

Количество просмотров: 7