• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Январь окуялары боюнча айыпталган төрт киши алты жылга соттолду

25 Бугу 2022 10:33 Бишкек Govori.TV

Алматы соту январь окуяларына байланыштуу иш боюнча төрт айыпталуучунун ар бирин алты жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына 24-майда шаардык соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, төртөө тең “Каракчылык” беренесинин негизинде козголгон кылмыш иши боюнча соттолгон. Кылмыш “өзгөчө абал учурунда жасалгандыктан” жаза катаалдаштырылган. Иштин башка жагдайлары айтылган жок. Сот өкүмү али күчүнө кире элек.

Басма сөз кызматы кабарлагандай, 16-20-май аралыгында Алматы сотторунда 11 өкүм чыккан. Бул иштер боюнча 17 киши эркинен ажыратылган. 11 иштин 9у “Уурулук” беренеси боюнча козголуп, 15 кишинин иши каралган.

Казакстан бийлиги билдиргендей, январь окуялары учурунда жана андан кийин кармалгандардан кыйноого кабылганы жөнүндө 200дөн ашуун арыз түшкөн. Анын негизинде кылмыш иштери козголгон. Ушул күнгө карата болгону күч түзүм органдарынын 11 кызматкери шектүү аталганы маалым.

Расмий маалымат боюнча башаламандык учурунда каза болгон 238 кишинин кеминде сегизи “тергөөнүн урукат берилбеген ыкмаларынан” улам каза болгон.

Январь окуялары учурунда каза тапкандарга катыштуу иштер адилет тергелбей, иш материаларды бир мекемеден экинчисине эч натыйжасыз өтүп жатканын ушул айда эл аралык Human Rights Watch уюму кабарлаган. Уюм бийликти тергөө жүргүзө турган көз карандысыз орган түзүүгө, анын курамына эл аралык эксперттерди кошуууга чакырган.

Казакстан бийлиги чет өлкөлүк эксперттерди иликтөөгө аралаштыруу сунушун четке каккан.

Количество просмотров: 55