• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Алматыда басмаканалар Январь окуялары тууралуу китепти басып чыгаруудан баш тартышты

25 Үчтүн айы 2024 16:32 Бишкек Govori.TV

Казакстанда журналист Данияр Молдабеков басмаканалар Январь окуялары тууралуу китебин басып чыгаруудан баш тартышканын билдирди.

«Январь окуялары (Каңтар) жөнүндөгү китебимди чыгарууну колго алган басма үйү бардык басмаканалар аны басып чыгаруудан баш тартканын билдирди. Алдын ала буйрутма бергендерге акчасын кайтарып беришет. Мен китепти сөзсүз чыгарам, бирок качан, кайсыл жакта жана кандай болорун ойлонушум керек», — деп жазды журналист өзүнүн Telegram каналына.

Кечээ Данияр Молдабеков Январь окуясы боюнча анын китебин чыгарып жаткан басма үйүнө укук коргоо органдары кайрылып, китепти «окуп көрүү үчүн» сураганын айткан. Журналист бул окуяны кысым катары баалаган.

Молдабеков Январь окуясынын эки жылдыгына карата «Кантар жылы» китеби жарыкка чыгарын билдирген. Андан соң китептин мукабасын көрсөтүп, интернет-дүкөндө чыгармага алдын ала буйрутма бар экенин айткан. Китеп казак тилинде 1000, орус тилинде да 1000 даана чыгарылары пландалган.

Казакстанда 2022-жылдын январь айында суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынч митингдер башталып, кийин бийликтин кетишин талап кылган саясий ураандар да жаңырган. Акциялар кан төгүү, башаламандык менен коштолгон. Расмий маалыматтар боюнча, тополоңдо кеминде 238 киши каза болгон. Укук коргоочулар курмандыктардын саны мындан көп деп эсептешет.

Количество просмотров: 145