• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Январь окуялары: Тараз соту тогуз кишини күнөөлүү деп тапты

8 Бирдин айы 2023 9:18 Бишкек Govori.TV

7-февралда Казакстандын Тараз шаарындагы №2 сот Январь окуялары боюнча айыпталган тогуз кишиге өкүм чыгарды.

«Айыпталуучулар 2022-жылы 6-январга караган түнү аракеттери коомго коркунуч жаратарын билип туруп жапырт башаламандыктарга, талап-тоноого, мүлктөрдү талкалоого катышып, бийлик өкүлдөрүнө куралдуу каршылык көрсөтүшкөн», – деп жазылган сот өкүмүндө.

Мындан тышкары соттолуучуларга «Бийлик өкүлүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө», «Жапырт башаламандыктарга катышууга чакырык жасоо», «Курал-жарак жана ок-дары уурдоо» беренелери боюнча айыптар тагылган.

«Соттолуучулардын күнөөсү толук далилденди», – деди өкүмдү окуган судья Төребекулы.

Сот айыпталуучу Марат Бекбауанын буга чейин соттолгонун эске алып, аны «максималдуу коопсуздуктагы» түрмөгө эки жылга эркинен ажыратты.

Айыпталуучу Асхат Ташекеев эки жылга соттолду. Бирок ал ырайым бериле турган адамдардын тизмесинде болгондуктан, сот залынан бошотулду.

Дагы бир соттолуучу Гани Керимбаев үч жылга эркинен ажыратылды. Ал да мунапыска илингендиктен, эркиндикке чыкты.

Мындан тышкары Нурбол Ережепов үч жылга соттолду. Бирок мунапыска байланыштуу ага тогуз айга эркиндигин чектөө жазасы чегерилди.

Ошондой эле сот Январь окуялары маалында Таразда каза болгон беш кишини — Исатай Донбаев, Райс Рысбеков, Ержан Байжанов, Нурсултан Куатбаев жана Токтар Ошакбайды — күнөөлүү деп тапты.

Таразда Январь окуялары боюнча иштер өткөн жылы ноябрда карала баштаган. Айыпталуучулардын жакындары сот өкүмү менен макул эмес экенин билдиришти. Алар соттун жүрүшүндө укук коргоо органдарынын кызматкерлери БТРден 91 жолу ок чыгарышканын мойундарына алганын белгилеп, Январь окуялары маалында күч түзүм өкүлдөрү күнөөсүз адамдарды себепсиз эле өлтүрүшкөнүн айтып жатышат.

Расмий маалыматтарга ылайык, Январь окуяларында Тараз шаарында 15 киши каза болгон. Алардын баарына тең ок тийген.

Количество просмотров: 36