• Жекшемби 19 Теке 2026
  • Воскресенье 19 Июль 2026

Январь окуяларына байланыштуу кармалган 1500дөн ашык кишиге мунапыс берилиши мүмкүн

26 Аяк оона 202211:04 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Башкы прокуратурасы Январь окуяларына байланыштуу кармалгандарга мунапыс берүү тууралуу мыйзам долбоорунун алкагында иштелип чыккан документти коомдук талкууга алып чыкты.

23-сентябрда «Ачык нормативдик-укуктук документтер» порталына жарыяланган документке ылайык, 1 500дөн ашык кишиге ырайым берилиши мүмкүн. Алар: 391 кылмыш иши боюнча шектелип жаткан 383, иши сотто каралып жаткан 102, соттолгон 1035, анын ичинде түрмөгө камалган 93, эркинен ажыратууга байланышпаган жаза алган 930, коомдук жумуштарды аткарууга милдеттендирилген тогуз жана айып пул салынган үч киши.

Прокуратура жеңил жана анча оор эмес кылмыштарды жасагандарды толугу менен кылмыш жоопкерчилигинен бошотууну, ошондой эле оор жана өзгөчө оор кылмыштарга күнөөлүү деп табылгандардын жаза мөөнөтүн кыскартууну сунуштоодо.

Документте белгиленгендей, «мамлекетке чыккынчылык кылуу, жапырт башаламандык уюштуруу, кыйноо көрсөтүү, ошондой эле коррупциялык, террористтик жана экстремисттик кылмыштарды жасагандарга» ырайым берилбейт. Документ 14-октябрга чейин талкууга коюлду.

Количество просмотров: 60