• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Японияда акыркы 60 жыл ичиндеги эң коркунучтуу тайфун болушу күтүлүүдө

11 Тогуздун айы 201916:34 Бишкек Govori.TV

«Хагибис» тайфуну Япониянын суу жээктерине жакындап келе жатат жана акыркы 60 жыл ичиндеги эң коркунучтуу тайфун болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

«Хагибис» тайфунунун айынан бир катар спорттук иш-чаралар токтотулган. Алсак, Формула-1 жарышынын үчүнчү машыгуусу башка күнгө жылдырылган. Мындан сырткары, ишемби күнү өтө турган регби оюну боюнча дүйнө кубогунун эки оюну токтотулду.

Синоптиктердин маалыматында, аталган тайфун «Ида» тайфунунан да кооптуу болушу мүмкүн. «Идадан» 1958-жылы 1269 адам мерт кеткен.

Булак: Кабар.

Количество просмотров: 358