• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Япониянын императорунун такка отуруу аземи. Эстониянын президенти Токиодо метро менен жүрдү

23 Тогуздун айы 201916:36 Бишкек Govori.TV

Япониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземи өттү. Аталган мааракеге катышууга барган Эстониянын президенти Керсти Кальюлайд Токионун метросундагы түшкөн сүрөтү менен бөлүштү. Ал сүрөттү социалдык армактагы баракчасына жайгаштырды.

Эске салсак, такка отургузуу аземи Токио шаарындагы император сарайында болуп өттү, анын жүрүшүндө Нарухито сарайдын башкы залында императордук такка отурду, императордук наамы жана кызмат кылууга антын расмий кабыл алуу жарыяланды.

Иш чарага мамлекеттер башчылары, түрдүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дүйнөнүн 195 өлкөсүнүн дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек аземге Кыргызстандын Президент Сооронбай Жээнбеков да катышкан.

Количество просмотров: 53