Көз карандысыз журналист Ыдырыс Исаков милиция бөлүмүнө чакырылды. Бул тууралуу “Интербилим” эл аралык борборунун Оштогу филиалынын жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева социалдык түйүндөр аркылуу билдирди.
Исаковдун милицияга эмне үчүн чакыртылганы азырынча белгисиз.
Ал эми тийиштүү органдардан азырынча так маалымат алуу мүмкүн боло элек.