• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Мугалимдер Ысык-Көлгө эс алганы жөнөшөт

24 Теке 201811:59 Бишкек Govori.TV
Бишкек.24.07.2018.Govori.TV
Кечээ, 23-июлда, өткөн 2017-жылы Өкмөттүн токтому менен Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүлүп берилген «Санат» ден соолук борбору ( «Асыл» ден соолукту чыңдоо борбору) эс алууга биринчи мугалимдерди кабыл ала баштады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз борбору билдирди.
Азыркы учурда сегиз корпусу ремонттон өтүп, дагы жетисинде ремонт иштери бүтүп жатат. Ашкананын жаңы имаратынын курулушу 90% аяктап, эски имараты толугу менен калыбына келтирилди. Эмерек жана ашкана жабдууларын сатып алуу үчүн 11 млн. сомго жакын сумма бөлүнгөн.
Эс алуу борбору 171 орунга эсептелинген. Мугалимдердин эс алуусу жыл бою жүргузүлөт деп пландалып жатат.
Жолдомолор Профсоюздук комитет аркылуу бөлүнөт. БИМ белгилегендей, региондорду өнүктүрүү боюнча Президенттин Жарлыгы алкагында иштеп, республиканын мугалимдери үчүн биринчи ден соолук борбору агартуучулардын коомдук коргоо системасынын сапатын жакшыртууну көздөйт
Количество просмотров: 17