• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ыйлап унаанын жолун торогон жубайы менен кызы. Жээнбековду абакка алып кетип жаткандагы видео

14 Бештин айы 2019 22:35 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Адылбек Субанкулов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековду 9-февралга чейин камакка алууга чечим чыгарды.

Жактоочу Замир Жоошевдин айтымында, саясатчыга күбөлөрдүн гана көрсөтмөсү менен кине тагылганын кошумчалады.

Мунун алдында Равшан Жээнбеков өзү журналисттерге кыскача маек куруп, аны бирөөнүн курулай сөзү менен гана айыптап жатышканын айткан. Ал бийлик коррупция менен күрөшө албай, жакырчылыкты жеңе албай калганда демократиялык көз караштагы саясатчыларды камоо менен алектенип жатканын кошумчалаган.

Равшан Жээнбеков 12-декабрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан кармалган. Аталган органдын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Жээнбековго Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») боюнча айып коюлган. 14-декабрда буга дагы бир берене 309-берене (“Бийликти күч менен басып алуу”) кошулганы кабарланды.

Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн буга чейин да ИИМге суракка чакырылган. 

Количество просмотров: 26576