• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

«Ыйман нуру” партиясы шайлоого катышуу ниетин билдирди

1 Аяк оона 202116:05 Бишкек Govori.TV

Парламенттик шайлоого катышуу ниетин “Ыйман нуру” саясий партиясы да билдирди. Бул тууралуу 1-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Мекеменин маалыматына караганда, партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кылып Урмат Мергеналиеваны, каржы маселелери боюнча өкүлү кылып Айнура Акматованы дайындаганын билдирди.

Бүгүн, 1-сентябрда парламенттик шайлоого катышуу тууралуу билдирме “Ата Мекен” саясий партиясынан да келип түшкөнүн БШК маалымдаган.

Ага чейин шайлоого катышуу ниетин «Социал-демократтар», «Улуттар биримдиги», «Ишеним», «Альянс», «Жашылдар партиясы», «Жаратман Эл», “Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия» партиялары билдирген.

Количество просмотров: 106