• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

«Ыйман Нуру» партиясынын тизмесинен 6 талапкер чыгарылды

8 Аяк оона 20209:45 Бишкек Govori.TV

«Ыйман Нуру» адилеттик жана өнүгүү саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болууга талапкерлердин тизмесинен 6 талапкер чыгарылды.

Борбордук шайлоо комиссиясы мындай чечимди Ильичбек Эргешов, Нияз Сарыев, Молдожаш Турдукулов, Шумкар Пазылов, Жаныбек Заирбеков, Алтынай Уранбековага карата 7-сентябрда кабыл алган.

Комиссиянын маалыматы боюнча, буга «Ыйман Нуру» адилеттик жана өнүгүү саясий партиясынын жазуу түрүндөгү катынын, 3-сентябрдагы Алтынай Уранбекованын арызынын негизинде жана КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоодо саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун чечимин эске алуу менен кабыл алынган.

Количество просмотров: 211