Бишкек. 01.02.2019. Govori.TV
Бузуулар тууралуу кодекстен «Түкүрүү» сөзүн алып башка асоциалдык аракеттерге жалпылаштырылат. Бул тууралуу «Республика- Ата-Журт» фракциясынын отурумунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин Ыманалы Саркулов билдирди.
Айтымында, кодекстеги түкүрүк тууралуу кеп болгон 1-пункттун 71-беренесин алып салышат.
«Биз мунун баарын 53-беренеге жалпылаштырабыз. Анда тыюу салынган жерлерге тамеки чеккеге болбойт деп айтылат. Беренеге асоциалдык аракеттер тууралуу пункту кошобуз. Мындай жол менен түкүрүк жана башка бузуулар үчүн 1 миң сомдон айып салынат», -деди Ыманалы Саркулов.