• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Ынтымак» партиясы Ош шаардык кеңешине кайра шайлоодон четтеди

10 Теке 2021 17:46 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-июлга караган түнү өткөргөн жыйынында «Ынтымак» партиясын Ош шаардык кеңешине кайра шайлоодон четтетти.

Буга «Жалпы иш» коомдук фондунун арызы негиз болду. Фонд Ош шаардык милициясы партиянын талапкерин добуш сатып алууга шектүү катары кармаганын, ага карабай Ош шаардык аймактык комиссиясы партияны шайлоодон четтетүүдөн баш тартканын билдирди. Ушундан улам алар бул чечимге каршы Боршайкомго кайрылган.

«Ынтымак» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев ал жетектеген партиядан талапкер добуш сатып алууга шек саналып кармалып, кайра коё берилгенин ырастады. Ал БШКнын жыйынында талапкердин мыйзамсыз ишке барарын билбегенин айтып, Боршайкомдун мүчөлөрүн партияны шайлоодон чыгарбай турууга чакырды.

10-июлда Марлен Маматалиев «Ынтымак» партиясы Ош шаарындагы шайлоого катышуудан өзү баш тартканын жарыялады. Анын билдирүүсүндө Ошто мыйзамсыздык болуп, айрым партияларга каршы тандалма күрөш жүрүп жатканы айтылды.

Количество просмотров: 40