Автокырсыкка кабылып, ооруканада жаткан ырчы Асел Кадырбекованын абалы туруктуу. Бул тууралуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков билдирди.
«Асел бир аздан сүйлөй баштады. Аны реанимациядан жеке палатага котордук. Ал апасын жана башка адамдарды тааный баштады, бирок көбүнчө уйкуда болуп жатат. Абалы туруктуу, жылыш бар», — дейт Сабырбек Жумабеков.
Эске салсак, ырчы Асел Кадырбекова 26-июнда Бишкек шаарында жол кырсыгына кабылып, Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган.