• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Ырчы Бегимай Бекбоева каза болду

17 Үчтүн айы 2023 9:16 Бишкек Govori.TV

Эстрада ырчысы Бегимай Бекбоева каза болду. Бул тууралуу ырчы Дайыр Исмадияров социалдык баракчасына жазды.

“Кош бол, Бегимай. Жаркылдаган кыз элең, неге анча шаштың? Жаткан жериң жайлуу болсун”, — деп жазды ал.

Ырчынын эмне себептен каза болгону тууралуу азырынча айтыла элек.

Бекбоева1990- жылы 27- февралда Нарында төрөлгөн. Атасы Токторбек Бекбоев обончу, аткаруучу, актёр. Апасы Жаңыл Кудайбергенова актриса, куудул. Бегимай алгач сахнага 5-классында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Каныкей Эралиеванын концертинде Асел Турдалиеванын «Эх, байке» деген ыры менен чыккан. Бегимай Бекбоеванын репертуарындагы ырлары «Жаш жигит», «Атама», «Алыстарга».

Govori.TV маалымат агенттиги Бегимай Бекбоеванын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Количество просмотров: 4354