• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Ырчы Д. Исмадияровдун унаасын уурдаган жаран кармалды

31 Бугу 201912:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек.31.05.2019.Govori.TV.

Ырчы Дайыр Исмадияровдун унаасын уурдап, жол кырсыгына кабылган жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

«Ыкчам тергөө иштеринин жыйынтыгында унаа урдоого шектелип Талас облусунун 1997-жылы туулган Р.А. аттуу тургуну кармалды. Учурда кошумча тергөө амалдары жүрүп жатат», — дейт маалымат кызматы.

Белгилей кетсек, окуя 29-апрелде таңкы саат 4:00дө Бишкектеги «Империя-Пиццы» жайында болгон. Анда белгисиз адамдар ырчынын күрмөсүн уурдап, күрмөнүн чөнтөгүндө акча жана автоунаанын ачкычын алып, кийинчерээк «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаасын айдап кетишкен. Көп өтпөй уурдаган адам жол кырсыгына кабылган.


Количество просмотров: 17