Бишкек.22.07.2019.Govori.TV.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков кыздуу болду. Маалым болгондой, ырчынын жубайы бүгүн, 22-июлда борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарды. Учурда эне-баланын акыбалы жакшы экени айтылган.
Эске салсак, ырчы 2016-жылдын 8-июлунда жубайы Айпериге баш кошуп, 2017-жылы уулдуу болушкан.