• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Ырчы Кадырбекова коомчулуктан кечирим сурап, жаныбарлар тартылган видеону өчүрдү

10 Үчтүн айы 202014:15 Бишкек Govori.TV

Ырчы Асель Кадырбекова Instagram баракчасында жаңы оюн уштуруп баштаганын жазып, видео жарыялап анда тирүү жаныбарларды колдонгон. Анын бул кадамы соцтармактагылардын наарызычылыгын жараткан. Ал эми ырчы бул тууралуу билдирүү таратып, коомчулуктан кечирим сурап, гумандуулукка чакырып өттү.

Мен жеке өзүмдүн жана уюштуруучулардын атынан кечирим сурайм. Бирок, мен ал жаныбарларды көргөн да эмесмин. Келип өзүмө тиешелүү жерине тартылып гана кеткен. Ал эми мен колума даяр видеону гана алдым. Айрымдар тарабынан менин дарегиме ал жаныбарларды мазактады деген сыңары билдирүүлөр жазылып жатат. Бул жагдайда мага эмес зоопарктарга, циркке нааразычылыгыныздарды айтсаңыздар туура болот», — деп жазган ырчы.

https://www.instagram.com/p/B7IV1vmFPWP/?utm_source=ig_embed

Ырчынын күйөрмандары жаныбарларды, тагыраагы аюу, боелгон маймыл жана крокодилди колдонгонун талкууга алышкан эле.

Количество просмотров: 156