Таанымал ырчы Мирбек Атабеков анын апасы өз үйүндө каракталганы боюнча кылмыш ишин тергөөгө байланыштуу милицияга нааразылыгын айтып чыкты. Бул туура ырчы Super.kg сайтына интервью берген. Атабековдун айтымында, милициянын шалаакылыгынан улам кылмышка шектүү эркиндикке чыгып кеткен.
Бизде чоң суроо бар, — деди ал. — Уурдалган буюмдар ал баланын машинесинен табылып жатса, ал баланын күнөөсү жок болсо, анда ким ал жакка салды, кылмышка ким жооп берет? Уурдалган буюмдар табылып жатса — демек кылмыш ачылган. Бул жерде биз билбеген көп нерселер бар. Мен өкмөткө, президентке кайрылам: сот системасын, милициядагы кайдыгер кызматкерлерди тазалаш керек. Жашоо коркунучтуу болуп калды.
Атабековдун айтымында, кылмышка шектүү жаңы жыл алдында эркиндикке чыгып кеткен. Ырчы бийликке өзүнүн жеке иши үчүн эмес, мындай окуялар коомчулукта көп болуп жаткандыктан кайрылып жатканын айтууда. Мирбек Атабеков кылмышкерлер апасы менен карындашын курал менен коркутуп тоноп кетишкенин эске салып, алар жазасыз калбашы керек деп эсептейт.
Милиция бул боюнча комментарий берерин билдирди.