«Даңазалуу доор» сериалында Хүррем Султандын ролун жараткан актриса Мерьем Узерли Нурайым Азыкбаева ырдап жаткан учурда көзүнө жаш алган. Видеону Узерли өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.
Тасмадан Азыкбаева англис тилинде ырдаганын көрүүгө болот.
«Нурайым Азыкбаева сиздин аткаруу чеберчилигиңиз менен ырыңыз катуу таасир этти. Ушундай сезимдерге бөлөгөнүңүз үчүн рахмат»,-деп жазган ал.