• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекке келген Мерьем Узерли кыргызстандык дизайнердин көйнөгүн кийип чыкты

6 Аяк оона 2021 17:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-сентябрда «Даңазалуу доор» аттуу түрк сериалында Хүррем Султандын ролун аткарган актриса Мерьем Узерли Бишкектеги маалымат жыйынга кыргызстандык дизайнер Айкын Арипованын көйнөгүн кийип келди. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасында жарыялады.

Маалым болгондой, Мерьием Узерлинин бут кийими дагы жергиликтүү дизайнерлердин эмгеги болгон.

Актриса Бишкек шаарына Эл аралык Азия кинофестивалынын (Asian World Film Festival) телесериалдар менен байланышкан жаӊы долбоорун презентациялоо үчүн 5-сентябрда учуп келген.

Количество просмотров: 931