• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сүмбүл аганын үнүн коштогон Копоев Мерьем Узерлиге кийиз баштык белек кылды

6 Аяк оона 2021 12:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-сентябрда «Даңазалуу доор» түрк сериалында Хюррем Султандын ролун жараткан Мерьем Узерлиге актер Нурдөөлөт Копоев кийизден жасалган баштык белек кылды.

Нурдөөлөт Копоев борбор калаада өткөн маалымат жыйында «Даңазалуу доор» сериалында Сүмбүл аганын үнүн кыргызча коштогонун белгиледи. Актриса Копоевге ыраазычылык билдирип, сүрөткө түшүү өтүнүчүн четке каккан жок.

Белгилей кетсек, Лос-Анжелес шаарындагы Азиялык Эл аралык кинфестивалдын (Asian World Film Festival) чакыруусу боюнча телесериалдар менен байланыштуу жаӊы эл аралык долбоорду презентациялоо үчүн «Даӊазалуу доор» телесериалы боюнча кеӊири таанылган белгилүү актриса жана продюсер Мерьем Узерли Бишкекке келди.

Количество просмотров: 597