Ырчы Нурлан Насип Жер Ортолук Деңиз боюнан турак жай алат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы өздүк баракчасына жазды
«Жакшы жаңылыгыбыз менен бөлүшкүм келип турат. Жаңы чыгармама Жер Ортолук Деңиз жээгинен клип тарттыруу үчүн келдик. Клипке түркиялык олигарх жана анын жубайы дагы тартылат.Ата-энем, өзүм жай мезгилин деңиз жээгинде өткөрүп, эс алуу үчүн Түркиядан үй карайм», — деп жазды ал.
Учурда Түркия мамлекетинде жүргөн Нурлан мырза жаңы чыгармасына клип тарттырууда.