• Жума 19 Кулжа 2026
  • Пятница 19 Июнь 2026

Ырыс Жекшеналиев 2 айга камалды

16 Баш оона 202220:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-августта «Полит Узник» баракчасынын администратору, блогер Ырыс Жекшеналиевдин баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камалды.

Биринчи май райондук соту чыгарган чечимге ылайык, ал СИЗО-1де кармалат.

Эске салсак, Фейсбуктагы «Полит узник» баракчасынын администратору, блогер Ырыс Жекшеналиев 14-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин «Жетим-Тоонун» казылуусуна каршы чыккан эски видеосун жарыялагандыгы үчүн суракка чакырылып, 48 саатка камалган. Ага карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 448