“Ысык-Ата” санаторийинде текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, санаторийдин мурунку мүдүрү О.А.К. жана санаторийдин айрым кызматкерлери жеке ишкерлер менен алардын материалдык кызыкчылыктарды максат кылып кылмыштуу бүтүмгө кирип, 2020-2022-жылдарга жалпы суммасы 12 млн 996 миң 615 сомдук каражаттарды мыйзамсыз эсептен чыгарышкандыгы аныкталган.
«Ошондой эле эмеректерди жогорулатылган баада сатып алуу келишимдерди түзүшүп, санаторийге 1 млн 577 миң 602 сом өлчөмдөгү зыян келтиришкен»,-деп жазылат маалыматта.
Бул боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.