• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Ысык-Атада 4-класстын окуучусу асынып каза болду

3 Жетинин айы 201914:08 Бишкек Govori.TV

1-ноябрда Ысык-Ата районундагы Дмитриевка айылында 4-класстын окуучусу асынып каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, баланын сарайда асынып турган денесин кечки саат 20:30 чамасында көрүшкөн. Үйдөгү туугандар аны эшикте ойноп жүрөт деп ойлошкон.

«Баланын ата-энеси ажырашып кетиптир. Апасы Кыргызстанда эле дешти. Атасы чет өлкөгө кеткен экен. Маркумдун башка бир туугандары жок. Бул бала 3-класска чейин Москва районунун Беловодск айылындагы мектепте окуп, андан кийин бизге келген. Ысык-Атада туугандарында жашачу. Сөөгүн Беловодск айылындагы туугандарына алып кетишти», — деди алар.

Булак: АКИпресс

Количество просмотров: 1351