• Бейшемби 25 Теке 2024
  • Четверг 25 Июль 2024

«Ысык-Көл» аэропортуна Ташкенттен биринчи каттам келди

17 Кулжа 2024 9:50 Бишкек Govori.TV

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Ташкенттен биринчи үзгүлтүксүз каттам тосуп алынды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

Белгиленгендей, Ысык-Көлгө каттамды Өзбекстандын Silk Avia компаниясы ачты. Мындан ары Ташкент — Ысык-Көл — Ташкент багыты боюнча каттамдар шейшемби, бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.

«Бүгүн Ташкенттен Ысык-Көлгө 50 жүргүнчү учуп келди. Учуу убактысы эки саатка созулат. Келечекте алардын санын күн сайын көбөйтүү, тагыраагы июль айынан баштап аталган каттамды күн сайын аткаруу пландалууда», — деп айтылат маалыматта.

«МЭА» ААК бул каттамга байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

Количество просмотров: 139