• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Ысык-Көл, Аламүдүн жана Бишкекке жаңы судьялар дайындалды (тизме)

2 Бештин айы 2018 14:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек.02.12.2018.Govori.TV.
Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгынын негизинде жергиликтүү соттордун судьялары дайындалды. Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна, Ысык-Көл облустук сотуна жана Бишкек шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жаңы судьялар жөнөтүлгөнүн өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан Жогорку сотко, Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна 1, Ысык-Көл облустук сотуна 2 жана Бишкек шаардык сотуна 5 талапкерди судьялык кызмат ордуна дайындоо боюнча сунуш киргизилген. 23-ноябрда мамлекет башчысы ал талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктары, кошумча берилген материалдардын негизинде 5 талапкер судья болуп дайындалды.
Алар:
— Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна — Казыгулова Мээрим Эсенкановна;
— Ысык-Көл облустук сотуна — Борончиева Жаңыл Кубанычбековна;
— Бишкек шаардык сотуна — Карабеков Алмаз Маматбекович, Рыбалкина Антонина Дмитриевна, Сабитова Жамиля Сабитовна.
Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Количество просмотров: 23