Ысык-Көл облусуна кирген жарандардын саны көбөйдү. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн, 30-майга карата Ысык-Көл облусуна кирген унаалардын саны көбөйгөн. Облуска кирген учурда жарандар паспортторун, кайсыл жерге катталгандыгын көрсөтөт. Эл аралык жүк ташуучу унаалардын айдоочулары жана аларды коштоп жүргөн жарандар тыкыр текшерүүдөн өтүшөт.
Белгилей кетсек, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов 1-июндан баштап туризм тармагынын бардык субъекттери иштеп баштаарын жана Ысык-Көл облусуна кирүү постторунда бир гана дене табы текшерилет, андан башка эч кандай тоскоолдук болбой турганын айткан.