• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ысык-Көл облусунда Чоң-Кызыл-Суу суусунун деңгээли көтөрүлүп, бир кашарды каптады

18 Баш оона 202422:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 18-август күнү алдын ала маалымат боюнча саат 15:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Чоң-Кызыл-Суу суусунун деңгээли көтөрүлүп, Московская көчөсүндө жайгашкан 1 кашардын короосун суу каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Жети-Өгүз райондук №36 Өзгөчө кырдаалдар бөөлүмүнөн ыкчам топ жана Жарандык коргонуу комиссиясы барып, суунун нугун буруу үчүн Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн “Иштерман” муниципиалдык ишканасынын 1 даана каз тамандуу эксковатору тартылууда.

Ошондой эле Саруу айылындагы Чийдүү-Колот коктусунан келген сел суулары Жууку унаа жолун каптап өтүп, кум шагылга толтурган. Аталган ички чарбалык унаа жолун тазалоо иштери Кызыл-Суу айыл аймагына тапшырылып, 1 даана жүктөгүчтүн жардамы менен кыян сууларынын кесепеттери жоюлду.

Теги:
Количество просмотров: 150